«140 миң доллар талап кылышкан». Бишкекте жеке ишкер уурдалган (видео)

Милиция кызматкерлери 33 жаштагы жигитти уурдап, андан акча талап кылган 6 адамдан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 22-апрелде курулуш менен алектенген Бишкек шаарынын жашоочусун Бишкек шаарынын Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине жолугушууга чакырышкан. Кийин кылмыштуу топ ишкерди уурдап, белгисиз тарапка алып кетишкен жана 140 миң доллардан ашык акча талап кыла башташкан.

Ишкердин жубайы окуя тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. 24-апрель күнү 6 шектүү кармалган. ИИМдин маалыматы боюнча шектүүлөрдүн бири Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турат.