147 миллион тенге… Казакстанга өтүп бара жаткан Кыргыз жараны кармалды

“Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек арачылары тарабынан ири өлчөмдөгү акча каражаттын мамлекеттик чек арадан алынып чыгышына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

“Ак-Жол-автожол” өткөрүү жайына Казакстанга багыт алган 1994-жылы туулган Кыргыз жараны келген. Чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүдө бул жарандын рюкзагынан чет элдик валюта – болжол менен 147 миллион казак тенгеси табылган. Жаран валютаны коштоочу документтери жок алып өтүүгө аракет кылган. Кармалган жаран мындан аркы териштирүү иштери үчүн аймактык компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.