15 жашар кызды зордуктоого шектелген өгөй атасы 2 айга камакка алынды

Токмокто 15 жашар өспүрүм кызды зордуктоого шектелип жаткан өгөй ата 2 айга камакка СИЗО-1ге киргизилди. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Токмок шаардык соту караган. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын жактоочусу билдирди.

19-декабрда Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келгенин SUPER TV`га анын жактоочусу билдирген. Ал эми бул боюнча Чүй ОИИББи аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын билдирген.