15 жаштагы өспүрүм өгөй атасы тарабынан зордукталып, психиатриялык ооруканада жатат

Өгөй атасы тарабынан кордук көргөн дагы бир окуя катталды. Бул ирет 15 жашар өспүрүм кыз өгөй атасы тарабынан зордукталып, учурда психиатриялык ооруканада жатат. Бул тууралуу SUPER TV`га өспүрүмдүн жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдирди.

Жактоочуга жабырлануучунун таенеси менен таежеси кайрылган. Кыздын таенесинин айтымында, өспүрүм 2 жыл бою өгөй атасынын зордугун көрүп келген, бул тууралуу кыздын апасы кабардар болгон, бирок өгөй атанын, башкача айтканда жолдошунун айыбын ачпоо үчүн ишти жашырып келген. Кийин иш тууралуу билген кыздын таенеси менен таежеси милицияга кайрылышкан. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 2020-жылдын 5-декабрында катталган.

«Кыз зомбулук кайда жана кандайча болгонун милицияга көрсөтүп берген. Буга карабай, иш дале каралбай келет. Из жашыруу үчүн кыздын психиатриялык ооруканага жаткырып коюшкан. Менден жардам сураган аны менен жолугуп, сүйлөшүп көрсөтмөсүн видеого тартып алдым. Өспүрүм апасы менен өгөй атасы аны УЗИге текшерүүгө алып барышканын жана өгөй атасы “иш тууралуу ооз ачсаң, өлтүрөм” деп коркутуп жатканын айтты”, — дейт Абдыкапаров.

Жактоочу бул иш четте калбайт деп ишенерин кошумчалады.