«15 жолу бычак шилтеп, жаракат келтиришкен». Бишкекте каракчылыкка шектелген жигиттер кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелген үч жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга бир жаран кайрылып, 13-февраль күнү түндө ага бир нече адам көчөдө кол салып, белгисиз нерсе менен сабап, болжолдуу 10-15 жолу бычак менен жарадар кылганын билдирген. Кол салгандар 6 миң сомун алып качып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Укук коргоо кызматкерлери үч шектүүнү таап, кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Биринчи Май райондук соту аларды тергөө учурунда Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алган.