«15 метр тереңдикте». Чүйдө кудук казып жаткан 3 кишинин бири көз жумду (сүрөт)

Чүйдө кудук казып жаткан 3 кишинин бири көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Проектируемый көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанында үч эркек киши кудук казып иштеп жатышкан. Алар болжол менен 15 метр тереңдикке жеткенде деми кысыла баштаган. Арасынан бирөө иске ууланып каза болгон, экөө жабыркаган.

Жерине Токмок шаардык №21 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, куткаруу шаймандары менен каза болгон жаранды кудуктан чыгарып беришти.