«15 миллион сом зыян келтирилген». УКМК Талас облусундагы бийлик бутактарындагы коррупциялык схеманын бетин ачты

Талас облусундагы бийлик бутактарында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштун алкагында, Талас облусундагы бийлик бутактарында коррупциялык схеманы аныктады.

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыктары үчүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараттарда жайгашкан кеңсе жайларды коммерциялык жана коомдук уюмдарга ижарага берүүдөн алынган каражаттарды мыйзамсыз өзүлөрүнө ыйгарып алгандыгы аныкталды.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүлдөр үчүн арналган ведомстволук үйдө коммуналдык кызматтарга жана аталган үйдү коргоого мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз акча төлөнүп турган. Жогорудагы материалдардын негизинде аныкталган зыяндын жалпы суммасы 15 миллион сомду түзгөн. Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.