УКМК өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата акчалай компенсация алуу үчүн «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк берген 6 дарыгерди кармады.
“Дарыгерлер шектүүлөрдүн жакындарынан 1,5 миллион сом алып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында соттолуучуга карата эки жолу «акыл-эси жайында эмес» деген корутунду чыгарып беришкен. 10-декабрда аталган кылмыш ишинин алкагында Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери УКМКнын тергөө абагына киргизилди”, — деп жазылат маалыматта.
Атайын кызмат аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.