15 миң долларга 700 тонна көмүр чыгарып берем деп… Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

22-ноябрда П.И. аттуу жаран милицияга Э.К. аттуу жаранга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда 8-август күнү анын ишеничине кирип, көмүр чыгара турган карьерим бар, ал жактан 700 тонна көмүр чыгарып берем деп 15 миң долларын алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. 17-январь күнү жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1977-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.