“150 миллион сомдук 35 мүлк аныкталды”. Бишкектеги №61 мектептин директору кармалды

Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Низовский тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталган. Ал окуучулардын ата-энелеринен акча алып турган. “Ал баланы биринчи класска киргизүүгө жардам берген үчүн бир нече жолу акча алган. Ошентип, Низовский системдүү түрдө ата-энелерден опузалап акча алып келген. Ал өз мүлкүн жашыруу үчүн мүлктөрүн ишенген адамдарына каттаткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө, ага жана анын туугандарына таандык жалпы баасы 150 миллион сомдук 35 мүлк аныкталды. Ал жер тилкеси, коттедж, дүкөн, автоунаалар, үйлөр жана батирлер. Анын үйүнө, жеке иш бөлмөсүндө жана дачасында тинтүү жүрүп, көп суммадагы чет элдик валютадагы акча табылды”,— деп айтылат маалыматта.

Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.