16 жашар кызды зордуктоого шектелгендерди сот залынан бошоткон судья отставкага кетти

16 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктаган эки жаранды сот залынан бошоткон судья Жаналы Батырбеков кызматынан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунун басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Бишкек шаарынын Свердлов райондук судьясы Жаналы Батырбеков 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адамдарды сот залынан бошоткондугу тууралуу маалымат боюнча Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков таанышып чыгып, судьянын ишмердүүлүгүнөн жашы жете элек кыздын укугу бузулганын көргөн.

Бүгүн Жаналы Батырбеков сот бийлигинин беделине терс таасирин тийгизгендиги үчүн кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча Жогорку Сотко арыз калтырды», — деп жазылат маалыматта.