«16 жаштагы эки өспүрүм көз жумду». Кара-Көлдө айдоочу жолдун жээгиндеги чиркегичти сүзгөн

Кара-Көл шаарындагы жол кырсыкта эки өспүрүм көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында катталган. Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четинде токтоп турган чиркегичти сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 5 эркек жабыркаган. Куткаруучулар жеткенге чейин 4 адамды Тез жардам кызматы Кара-Көл шаардык ооруканага алып кетишкен, ал эми кыпчылып калган 1 адамды куткаруучулар чыгарып, ооруканага жеткизишкен. Абалдары оор. Ооруканада 2006-жылы туулган эки өспүрүм жан берген.