16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер сот залынан бошотулганы айтылды

Бүгүн, 8-июль күнү Свердлов райондук соту 16 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктаган шектүүлөр сот залынан бошотулду. Бул тууралуу «Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылынын негиздөөчүсү Назгүл Турдубекова СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Былтыр көчөдө бараткан жеринен 16 жаштагы кызды эки жаран күч колдонуп, өзгөчө мыкаачылык менен зордукташкан. Кыз өлүм менен өмүрдүн ортосунда алышып араң аман калган. Соттун чечимин күтүп, аларга ишенип отурсак, мына бүгүн аларды эч жакка чыгып кетпөө тил катынын негизинде залдан бошотуп жиберишти. Бул эмне деген наадандык? Бизде сот ушундай чечим чыгарып жатса, кимге ишенип, кимге кайрылышыбыз керек? Бизде кордолгон адамдар көп. Мына бүгүн саат 15:00дө Свердлов райондук соту 13 жашар кыздын ишин карайт. Ал жакка да митингге чыгабыз», — дейт Турдубекова.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов райондук соту окуяны тактап жатканын билдирди.