16 жаштагы кыздын зордукталышы. Митингге чыккандар милиция кызматкеринин формасын жыртып салышты (видео)

Социалдык тармактарга Сокулук районунда тартылган видео тарады. Анда 5-декабрда белгисиз адам 16 жаштагы кызды сабап, зордуктап салгандан кийин жергиликтүү тургундар аймактык милиция бөлүмүнүн имаратынын алдына митингге чыгышканы тартылган.

Милиция бөлүмүнүн имаратынын алдына чогулган жарандар милиция кызматкерин курчоого алып, формасын жыртып салышкан. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо митингчилер милиция кызматкерине карата уят сөздөрдү айтып, аны түртүп жатканын да угуп, көрүүгө болот. Митингдин башка катышуучулары укук коргоо кызматкерин урбоого чакырышууда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден видеодогу милиционер чогулган жергиликтүү тургундар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтышты.