16 жаштагы өспүрүм ооруканада операциядан кийин каза болгон. Тергөө иши башталды

16 жаштагы өспүрүмдүн Панфилов райондук ооруканасында каза болгонуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-августта саат 02:30 чамасында өспүрүм өзүн жаман сезе баштаган. Ата-энеси аны аймактык ооруканага алып барышкан. Анда бейтапка гастрит диагнозу коюлган. Алар тамчылатып дары куюп, үйгө жөнөтүшкөн. 

Бирок, өспүрүмдүн абалы жакшырган эмес, аны Кара-Балтадагы ооруканага алып барууну чечишкен, анализдерден кийин кайра Панфилов районунун аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн. Балага операция жасалган, бирок ал эсине келбей каза болгон.

«Жайыл районунун ички иштер органдарына эч ким арыз менен кайрылган эмес. Маркумдун ата -энеси эч кимге дооматы жок экенин айтып, ички иштер органдары менен байланышуудан баш тартышкан. Буга карабастан экспертизалар дайындалды ”, — деп айтылат маалыматта.