«16 жашынан бери зордуктап жүргөн». Ошто кызга кордук көрсөтүп жүргөн шектүү кармалды

19-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынан күч менен 2003-жылы туулган кызды Ош шаарына алып келип, кызды унаада кармап отурган кезде, 1992-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2019-жылы эле кызды бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ шектүү «сени зордуктаган учурду видеого тартып алгам» деп коркутуп, өз эркине каршы бир нече жолу зордуктап жүргөн. Кыз милицияга арыз жазуудан корккон. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгон.

18-май күнү Кызыл-Кыя шаарында шектүү жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз унаасына салып, түнү Ош шаарына келген. Жолдо аны коркутуп, ур-токмокко алган. Телефонун талкалап салган. Шектүү кызды «башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени эч кимге бербейм» деп урган. 19-май күнү эртең менен саат 09:00 чамасында милиция кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып, унаада отурган жеринен кармашты. Учурда Жазык кодексинин 170-беренеси менен (адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

1992-жылы туулган жаран буга чейин Орусияда жүрүп келген. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну. Жабырлануучу 2003-жылы туулган кыз, ал Кызыл-Кыя шаарында окуу жайлардын биринде окуйт.