16 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жигиттер кармалды

Манас аэропортунун унаа жолунда 16 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жигиттер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-февралда саат 09:00 чамасында Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору 2004-жылы туулган кызды ала качып бара жаткан жарандарды кармаган. Алар Бишкек-Манас унаа жолунда жайгашкан стационардык посттунда бара жатышкан.

«Инспекторлор стационардык посттон 2001-жылы туулган айдоочу айдап бара жаткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерип жатканда, ал аябай тынчсызданып кандайдыр бир шек жараткан. Ошол убакта унаанын ичинен бирөө унаанын терезесин катуу такылдатып жаткандыгын байкашкан. Эшикти ачканда унаанын ичинен ыйлап отурган кызды көрүшкөн. Жанында 20 жаштагы жигит отурган. Кызды суракка алышканда аны Токмоктогу билим берүү мекемелеринин биринен ала качып, аэропорттун жанындагы айылдардын бирине алып бара жатышканын айткан», — деп билдиришти башкармалыктан.

Учурда милициянын кызматкерлери айдоочу менен унаада отурган 20 жаштагы эки жаранды кармап, Сокулук РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.