18-күн. 4 жаштагы көлгө чөккөн кызды издөөгө 29 куткаруучу чыкты

Бүгүн, 4-августта 4 жаштагы шамал айдап көлгө чөгүп кеткен наристени издөөгө жалпысынан 29 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
— Өз милдеттерин так аткаруу менен бүгүн куткаруучулар, суучулдар да көл жээктеринен, суу түбүнөн жана аймактарга бөлүнүп издешет.
Издөө иштерин жүргүзүүгө Тору-Айгыр айылына КР ӨКМдин Суучулдар кызматынан 8 суучул, Ысык-Көл райондук ӨКБдан 3 куткаруучу, Кочкор райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпысынан 29 куткаруучу тартылды.
Эске салсак, 18-июлда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосундагы «жапайы пляждан» 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз толкун болуп жаткан учурда көлгө чөгүп кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилет.