Таласта кызды атып өлтүрүүгө шектүү 19 жаштагы жигит асынган абалда табылды

Талас облусундагы Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында 11-класста окуган кызды мылтык менен атып салууга шектелген жигит асынган абалда табылды. Бул тууралуу аталган айылдын жергиликтүү кеңешинин депутаты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

Депутаттын айтымында, кыздын жансыз денеси унаадан табылгандан кийин анын өлүмүнө шектелген жигиттин дайыны белгисиз болуп жаткан. Кечээ, 4-июнда кечки убакытта айылдын четиндеги эски имараттан жигиттин жансыз денеси асынган абалда табылды. Ал 2002-жылы туулган Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын тургуну болгон.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.