«18 өлкөнүн 39 жараны набыт болгон». Бишкекте Стамбулдагы терактка тиешеси бар адам кармалды

Террордук аракеттерге катышкан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, 8-декабрда Бишкек шаарында чет мамлекеттин жараны террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп шектелип кармалды», — деп айтылат маалыматта. Кармалган адамдын Стамбулдагы клубдагы резонанстуу терактка тиешеси бар экени, анын натыйжасында 18 өлкөнүн 39 жараны набыт болгону аныкталган. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-чаралары улантылууда.