«Абдыш-Атанын» 19 жаштагы футболчусу жол кырсыгынан каза болду

Кыргызстандын 16 жашка чейинки жаштар курамасынын, «Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футболдук клубдарынын экс-чабуулчусу Ааламбек Абылкасымов мезгилсиз дүйнө салды.
Кыргыз футбол союзу билдиргендей, Ааламбек Абылкасымов жол кырсыгынан каза болду, ал болгону 19 жашта болчу. Футболчу 2019-жылы U-16 Азия кубогунун тандоо оюндарында Ливандын курама командасынын дарбазасына 41-мүнөттө алмаштыруу менен чыгып, 2 гол киргизип, 0:2 эсебинде оюндун жыйынтыгын өзгөрткөн эле.

Ааламбек Абылкасымов «Илбирстин» курамында 2021-жылдын 16-мартында Премьер-Лигада дебют жасаган. Жалпысынан ал 12 оюн өткөрүп, 2 гол киргизип, 1 пас берген. 2023-жылы «Абдыш-Ата-2» үчүн ат салышкан.