«19 жаштагы жигит менин уулумду өлтүрбөйт болчу» дейт көз жумган аскер кызматкеринин апасы

Жаңы-Жер айылындагы түзөтүү мекемесинде окко учкан келишимдик негизде кызмат кылган аскер кызматкеринин апасы Ак Үйдүн алдына чыкты.

Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын кабыл алуусун суранды. Анын айтымында, тергөө объективдүү жүрбөй жатат. «Мен 19 жаштагы жигит уулумду өлтүрүп коюшу мүмкүн экенине ишенбейм. Рустамдын кызматтык куралы болгон эмес, анткени ал кинолог болчу. Уулумдун командиринин тапанчасы бар болчу, анткени мындай курал офицерлерге гана берилет», — деди Асылгүл Адылова.

Жаңы-Жер айылындагы түзөтүү мекемесинде келишимдик негизде кызмат кылган аскер кызматкери окко учкан. Окуя 17-сентябрда катталган. Кенже сержант Рустан Иминов 20 гана жашта болчу.