19 жаштагы Казак аскеринин сөөгү Кыргызстанда табылышы. Жигит куру менен аскага асылып калган

Буга чейин бир айдан бери изделип жаткан 19 жаштагы казак аскери Улыкбек Бердишовдун сөөгү Кыргызстандан табылганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

Кечээ, 10-апрелде саат 17:40 чамасында Панфилов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө чек арага жакын аймакта 20-25 жаштагы жигиттин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге милиция барып, жигиттин өзүнүн куру менен аскага асылып калганы маалым болгон. Аталган факты РИИБге каттоого алынган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун аты-жөнү такталып, анын 2003-жылы туулган коңшу өлкөнүн жараны экени аныкталган. Экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.