19 жаштагы Казак аскеринин сөөгү Кыргызстандан табылды

Бир айдан бери изделип жаткан 19 жаштагы казак аскери Улыкбек Бердишовдун сөөгү Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар аскерге чакырылган жоокердин агасы Бауржан Мерековго шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жигиттин жансыз денеси Кыргызстандын тоолорунан табылган. Маркумдун кийиминин бир бөлүгүн алгач жергиликтүү чабан тапкан. Кийинчерээк анын сөөгүн аскер кызматкеринин жакындары табышкан.

Жигиттин жакындары анын кызматка 6 ай мурда келгенин, бир да жолу эч нерсеге нааразы болбогонун айтышкан. Аскер кызматкери 2-мартта Жамбыл облусунун Меркен чек ара заставасынын «Андас баатыр» чек ара заставасында дайынсыз жоголгон.