Кыз ала качууга шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 20-майда саат 22:00 чамасында укук коргоо органдарына Бишкек шаарында эки жигит 2002-жылы туулган кызды уурдап кетишкени тууралуу маалымат келип түшкөн. Ага байланыштуу «Колго түшүрүү» планы ишке киргизилген. 21-майда саат 01:00 чамасында «Сосновка» постунда инспекторлор Хонда Одиссей унаасын токтотушкан. Анын ичинде 2 жигит жана 1 кыз отурган. Кыздын жашы уурдалды делген кыздын жашына туура келген.
Инспекторлор шектенип, унаадагы 1998-жылы жана 1995-жылы туулган жигиттерди кармашкан. Андан кийин алар Талас облусуна бара жатышканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында 2 жигит жана кыз милиция бөлүмүнө жеткирилди.