19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттарынын арызын карады. Айыпталуучунун адвокаттары аны үй камагына чыгарууну суранышты.

Мамлекеттик айыптоочулар Ырыс Жекшеналиевди тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакта калтырууну өтүнүштү. Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы чечимди окуп, ага ылайык, биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылды. Ошентип, Ырыс Жекшеналиев тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакта болот.