19-күн. 4 жаштагы көлгө чөккөн наристени издөөгө 32 адам тартылды

Бүгүн, 5-августта Тору-Айгыр айылынын тушунда көлгө чөккөн кызды издөө уланууда. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
-Көлдүн үстүнөн, жээктерден, көл түбүнөн издөө үчүн Тору-Айгыр айылына ӨКМдин Суучулдар кызматынан 10 суучул, Ысык-Көл райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Кочкор райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Каракол шарынан 8 адам кеме менен, жергиликтүү элдерден 8 киши, ыктыярчылардан 3 киши издешет.
Наристени издөө ишине жалпысынан 32 куткаруучу тартылган. Алар 18 күндөн бери аймактарга, жээктерге бөлүнүп иш алып барышууда.