«19-ноябрда төңкөрүш болот» деген Фейсбук колдонуучусу кармалды

19-ноябрда массалык баш аламандык уюштурууга чакырган Фейсбук колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган Фейсбук социалдык тармагындагы Адис Жумгалов аттуу аккаунтунун колдонуучусу – 1980-жылы туулган жаран  кармалган.

Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу фейк аккаунт колдонгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын жашаган жеринде 4 мобилдик телефону, 1 персоналдык компьютер, 2 ок атуучу курал жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылды. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.