2 адам каза болгон кырсыкты тергөөдө шалаакылык кылган тергөөчү кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери далилдерди бурмалоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренеси жана 337-беренеси (далилдерди бурмалоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, 4-сентябрда Токмок ШИИБдин тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин тергөөчүсү) кармалды.

Токмок ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү анын өндүрүшүндө кылмыш иши Жазык-процесстик кодексинин талаптарын одоно бузуп, эки жүргүнчүнүн өлүмүнө алып келген жол кырсыгын тергөөгө, ошондой эле далилдерди чогултууда шалаакылык менен мамиле кылган. Ошондой эле, жабырлануучу тарабынан келтирилген материалдык далилдер эске алынбай, процессуалдык нормалар бузулуп, кылмыш иши бир жактуу тергелүүгө алып келген.

Мындан тышкары, эксперт менен алдын ала сүйлөшүп алып, тергөө амалдарын бурмалоо менен, алар каза болгон адамга мүнөздүү болбогон кырсык учурундагы дене жаракаттарын көрсөтүшкөн. 4-сентябрда УКМК мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин тергөөчүсү) кырсыктын күнөөкөрүнүн кызыкчылыгы үчүн далилдерди бурмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жолу боюнча мыйзамсыз аракеттер аныкталган.