Курсан Асанов менен сүйлөштү делип, 2 айга камакка алынган Алмаз Сарыбаев ачкачылык жарыялады

17-сентябрда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барышты. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Ал жерден «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, учурда бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган Алмаз Сарыбаев менен жолугуп, маектешишкен. Анын айтымында, ачкачылык жарыялоого ага негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушу себеп болгон. «Алмаз Сарыбаев Акыйкатчынын өкүлдөрү аркылуу Омбудсмен Токон Мамытовго жазуу жүзүндө кайрылып, бүгүн саат 16:00дөн тартып ачкачылык акциясын баштаарын маалымдады. Ачкачылык кармоого негиз катары ага негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш ишинин козголушун атады», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты.