«2 аял, айдоочу жана анын жанындагы каза болду». Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыктын видеосу тарады

Бишкек-Ош жолунда катталган жол кырсыктын видеосу тарады. Кырсык Суусамырда катталган.

Видеонун автору 4 адам каза болгонун айтат. «2 аял киши каза болгон, 3 кишини ооруканага алып кетти. Бул жакта айдоочу жана жүргүнчү каза болгон», — дейт автор.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышканыбызда, маалымат берилерин айтышты.