«2 бир туугандын үй-бүлөсү». Баткендеги жол кырсыкта каза болгондор тууралуу маалымат

Бүгүн, 23-ноябрда Баткенде жол кырсыгынан 8 киши каза болгону маалым болгон. Кырсык кечээ, 22-ноябрда Ош-Раззаков жолунда катталган. Мерседес-Спринтер унаасы менен Опель-Вектра унаасы кагылышып, кырсыктын кесепетинен 8 киши каза болду. 1 адам Баткен облустук биргелешкен ооруканасына түшкөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине каза болгондордун бешөө бир үй-бүлө мүчөлөрү экени маалым болду. 1988-жылы туулган Кызыл-Бел айылынын тургуну М.С. жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Каза болгондор:

  1. С.А. 1973-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
  2. С.А. 1977-жылы туулган. Бужум айылында туулган;
  3. Р.М. 1981-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
  4. К.З. Кара-Булак айылыныны тургуну;
  5. А.Д. 2019-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
  6. А.Б. 2019-жылы туулган. Бужум айылынын тургуну;
  7. Р.М. 1989-жылы туулган. Кызыл-Бел айылынын тургуну.

Жерине барган куткаруучулар 5 адамдын жансыз денесин чыгарышкан. Ал эми үчөө ооруканада каза болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы менен байланышканыбызда, каза болгондор 2 бир туугандар жана анын жубайы, балдары экени маалым болду.