«2 жыл операция жасоо укугунан ажыратылды». Бетин жасатып, тырык болуп калган келинге соттон жооп беришти

SuperTV телеканалына буга чейин 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылган. Ал Бишкектеги “Ош базарындагы” сулуулук салондорунун биринен бетин жасатам деп, жапа чеккенин айткан. Ал редакцияга иш сотко өтүп, Ленин райондук соту чечим чыгарганын, бирок чечимине нааразы экенин айтты. Анын айтымында, сот шектүүнү шарттуу түрдө 2,5 жылга кескен. «Эми ал башкалардын да бетин кескилей берет да» деген келин нааразычылыгын билдирген. 

Келиндин нааразычылыгына Ленин райондук сотунан жооп беришти. «Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 8-сентябрындагы өкүмү менен шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган. 2 жылдык мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратылган. Ал эркинен ажыратылган түрүндө каралган жазадан бошотулуп, жашаган жери боюнча 1 жыл 6 ай мөөнөттөгү пробациялык көзөмөлгө алынды», — дешти.