«Смотрящий» түзөтүү абагына 2 килограмм гашиш ыргытууга аракет кылган

Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

10-октябрь күнү белгисиз адамдар Жазаларды аткаруу кызматынын №3 мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргаткан. Баңгизат сырткы тосмо аркылуу ыргытылып, бирок көзөмөлдөөчү тилкеге түшүп калган. Окуя болгон жерден скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү эки таңгактагы зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, режимдик мекеменин аймагына алып өтүүгө аракет кылган заттар жалпы салмагы 2 килограмм 206 граммды түзгөн кара куурай чайыры (гашиш) болуп саналат.

Бул факты боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте баңгизатты ыргытууга тиешеси бар жарандардын аты-жөнүн аныкташкан. Шектүүлөр айдап жүргөн Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаа дагы табылган. Жакында көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, кылмыштуу чөйрөдө “смотрящий” статусуна ээ болгон Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну, анын шериги Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну кармалды. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Соттун чечими менен кармалган жарандарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.