«2 кружка пиво ичкем» Кызматтан бошотулган министр мас абалында кайгуулга кармалган

Соцтармакта бүгүн иштен алынган Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мас абалында жол кайгуул милициясына түшүп калган делген видео тарады. Видеодо экс-министрдин “эки кружка пиво ичкем” деп жатканын угууга болот.

Белгилүү болгондой мурдагы министр кызматтык унаасын айдап жүргөн жана жанында айдоочулук күбөлүгү да болгон эмес.

Маалыматка ылайык, ал 15-декабрга караган түнү унааны мас болуп айдап баратып кармалган. Орозов бүгүн, 15-декабрда «этикалык талаптарды сактабагандыгы үчүн” деген себеп менен кызматтан алынган эле.