«2 кызыбыз менен барарга жерибиз жок» дейт үйү өрттөнүп кеткен келин (видео)

Кечээ, 24-январда саат 19:30 чамасында Ак-Ордо 3 конушунда үйдө өрт чыккан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине үйү өрттөнгөн 24 жаштагы Амангүл Берикбай кызы билдирди.

Анын айтымында, үйдө чакан тигүүчү цех болгон. Бактыга жараша андагы адамдардын баары чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Келиндин айтымында, өрт мешке жагылган оттон чыккан. «Үйдүн бир бөлүгү тигүүчү цех болчу. Жолдошум, 2 кызым, андагы иштеген кыздар чыгууга үлгүрүштү. Үй толугу менен күйүп кетип, барарга жерибиз жок. Цехтин чыгымын азыр тактай элекпиз. Ичиндеги 30 тигүүчү машина, 2 үтүк баары өрттөндү. Биз кийип жүргөн кийимибиз менен чыга качтык», — деди келин.

Редакцияга ӨКМден өрт кырсыгы тууралуу маалыматты тастыкташты. «Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо 3 конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 19:25те жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган», — дешти.

Үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0703094607 номуруна кайрылсаңыздар болот.