«2 миллион сом чыгарып кеткен». Бишкекте уурулукка шектелип 20 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте милиция тарабынан уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

17-октябрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, 3 жаранга чара көрүүнү суранган. Алардын азык-түлүк дүкөнүндө кассада иштеп, 2022-жылдан бери 2 миллион сом чыгарып кетишкенин айткан. Шектүү катары 2002-жылы туулган кыз кармалып, камакта калтырылды. Учурда дагы эки шектүү изделип жатат.