«2 миң доллар карызмын деп тил кат жаздырууга мажбурлашкан». Бишкекте каракчылыкка шектелген 2 жигит кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы каракчылык жана тоноочулук менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы РИИБдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Бул оор кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө иш-чараларын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын март айынын аягында Асанбай кичи районунда бир нече белгисиз адам эки жаранга кол салышкан. Жабырлануучулардын бири 20 жашта, ал эми экинчиси жашы жете элек өспүрүм. Кылмышкерлер жабырлануучулар бара жаткан Хундай Соната үлгүсүндөгү унааны жолдун жээгине кысып токтотуп, ичиндеги эки жигиттин 25 миң сомун тартып алышкан. Андан сырткары жабырлануучуларды адамдар жок жерде мыйзамсыз кармап, бирөөсүн 2 миң доллар карызмын деп тил кат жаздырууга мажбурлашкан. Андан соң күч колдонуп, жабырлануучулардын унаасын 2 миң долларга күрөөгө койдурушкан.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 31-март күнү жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делген адамдардын аты-жөнүн тактап, кармашты. Кармалган жарандар шаардагы жаңы конуштардын биринде жашаган 1996-жылы туулган тургун менен Сокулук районунда жашаган 1998-жылы туулган жашоочу болуп чыкты.