«2 миң доллар талап кылган». Кара-Балта мэриясынын бөлүм башчысы кармалды

Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын октябрь айынын ортосунда ИИМдин Тергөө кызматына кызмат адамы пара талап кылып жаткан факты боюнча чара көрүү өтүнүчү менен Чүй облусунун тургуну кайрылган. Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Бир күн мурда Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү 2 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармашты. Кармалган жаран Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.