Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда 20 жылдык кечеден кийин өлтүрүлгөн келинге байланыштуу иш каралып, сот өкүмү чыкты.
Соттон билдиришкендей, жолдошу 18 жылга эркинен ажыратылды.
26-май күнү Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары жолдошу кармалган. Анын артында 5 баласы калды.