20 жылдык кечеден кийин келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Сот иштери башталды

Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда 20 жылдык кечеден кийин өлтүрүлгөн келинге байланыштуу иш карала баштады. Маркум келиндин кылмышка шектүү күйөөсүнө «адам өлтүрүү», «куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

26-май күнү Өзгөн районунун Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин келин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары жолдошу кармалган. Анын артында 5 баласы калды.