20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкиси бар жүктүн ээси кармалды

УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын операцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө “ТР-КР-УР” каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын – гашиш жана апийим чийкисин ташуу менен алектенген эл аралык баңги топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.
11-октябрда Баткен-Ош унаа жолунун Ноокат районунун аймагындагы ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Орусиянын жараны Б.С.С. жана Кыргыз жараны Р.Х.Э. кармалып, алардан жалпы салмагы 20 килограмм гашиш жана 10 килограмм апийим чийкиси табылып алынды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип камакка алынды.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.