«20 кишиден 75 миң сомдон алган». Баткенде кичи ажылыкка жөнөтөм деп акча алган аял кармалды

«Кичи ажылык сапарына жөнөтөм» деп жарандардан акча алган аял кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кадамжай РИИБге акыркы бир ай аралыгында «Умра» кичи ажылык сапарына жөнөтөм деп акчабызды алып, сапарга жөнөтпөй бизди алдап жүрөт» деген таризде жалпысынан 16 арыз түшкөн.

Бул арыздар Кадамжай РИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлери тарабынан 9-август күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 39 жаштагы тургуну Ош шаарында аныкталып, кармалган.  Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган аял 20 адамдын ар биринен 75 миң сомдон акча алганы белгилүү болгон. Азыркы учурда кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.