20 миллион сомдон ашык… Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды

Ички иштер органдарына жаран Т.Б. арыз менен кайрылып, «Феникс» компаниясы менен жаран О.Н. карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Анын айтымында, 2026-жылы бул аял ишенимге кирип, бир жыл ичинде кэшбэк алып берүү шылтоосу менен андан 34 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Бирок өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, белгисиз тарапка жашырынып кеткен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (алдамчылык) каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган жаран Осмонова Н.Ч. кармалган. Бүгүнкү күндө шектүүгө карата 26 адам арыз менен кайрылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча келтирилген зыяндын суммасы болжол менен 20 миллионго сомдун тегерегинде. Маалыматтарга ылайык, жабырлануучулардын саны мындан ары да өсүп, 1000 адамдан ашышы мүмкүн.
Жаран Осмонова Н.Ч. карата айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктештерди аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Эгерде сиз дагы мыйзамсыз аракеттерден жабыр тарткан болсоңуз, төмөнкү телефон номуру аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз: 0 702 717 308