«20 миң доллар пара алган». Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө ишин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 2020-жылдын декабрында, жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензиянын жокко чыгарылышына жол бербөөгө убада берип, 20 миң доллар өлчөмүндө пара алган. Мындан тышкары, шектүү өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып арыз ээсинен батирин оңдоону талап кылган, анын ичинде 450 миң сомдон ашуун суммага эмерек жана тиричилик техникалары дагы кирет.

Кечээ, 7-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.