Социалдык тармактарда айдоочу транспорт каражатын 200 чакырым/сааттан ашык ылдамдыкта башкарып бара жаткандыгы жана дагы бир видеодо транспорт каражатында бара жатып милиция кызматкерлеринин дарегине карата адепсиз сөздөрдү колдонгону тууралуу видеоматериалдар тараган.
Аталган факты боюнча МККБ кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында айдоочу аныкталып кармалды. Автоунаа айып короо жайына киргизилди, ал эми айдоочу андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ИИБге жеткирилди. Айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.
МККБ бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана милиция кызматкерлерине урмат менен мамиле кылууга чакырат.