2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды

2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иштери башталды. 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келүүгө себепкерлердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынны аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдамакчы»,- деп айтылат маалыматта.