2010-жылдагы Июнь окуясында ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
27-майда УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында 1984-жылы жана 1977-жылы туулган аталган райондун тургундары кармалган. Алар Июнь окуясында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле милициянын подполковнигин Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталган. Бирок 2010-2011-жылы тергөө учурунда алардын аты-жөнү аныкталбай калган.
Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген Июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК Июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.