2010-жылы Индонезияда 12 жылга эркинен ажыратылган кыргызстандык мекенине келди

2-февралда Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин биргелишкен аракеттеринин жыйынтыгында Кыргыз жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Ал 2010-жылы Индонезиянын Бандунг шаарындагы аэропортто тыюу салынган заттарды сактагандыгы үчүн кармалып, акыры Индонезиянын Жогорку Соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган. Индонезиянын тиешелүү органдар жана аталган Кыргыз жараны менен тыгыз байланышта болгон элчиликтин көмөгү менен 2019-жылы аны 2022-жылдын 22-январына чейин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга өзгөртүлгөн. Шарттуу түрдө бошотуу мөөнөтү аяктагандан кийин элчилик тарабынан Индонезиянын компетенттүү органдары менен биргеликте жаранды Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө керектүү документтер даярдалган. Тийиштүү иштердин жыйынтыгында Кыргыз жараны 31-январда Кыргызстанга жөнөтүлүп, 2-февралда мекенине кайтып келди.