2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандыкты уюштургандардын лидерлери кармалды

2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан кылмыш иштеринде болгон материалдарынын алкагында 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргыз жараны кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон.

Ошондой эле, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө дагы бир Кыргыз жаранынын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы “Круговое” деп аталган жер тилкесине жооптуу болгон. Экинчи кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда: 6,5 мм калибрлүү 1 — “SAKO TRG-22” снайпердик мылтык (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) “Prazise Jagen” оптикасы жана “Pulsar” түнкү көрүү аппараты менен, 1 – “SAUER 101” карабини (мылтык), 1 — 12 калибрдүү жылмакай көздүү курал “FABARM XLR”, ошондой эле алар үчүн 76 ок табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.